Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Бишкектеги ыш боюнча ЖЭБдин жооптуу адамдарына карата тергөө иши башталды


Бишкектеги ыш. Январь, 2021-жыл.
Бишкектеги ыш. Январь, 2021-жыл.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) абага булганыч заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жооптуу кызматкерлерине карата сотко чейинки териштирүү ишин ачып, тергөө баштады. Бул тууралуу Финполициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Финпол бул факт Жазык кодексинин 233-беренесинде («коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча бирдиктүү реестрге катталганын маалымдады.

Финполдун бул билдирүүсүнө Бишкек ЖЭБи караган «Түндүк электр» мамлекеттик ишканасы комментарий берген жок.

Буга чейин Фнполдун башчысы Сыймык Жапыкеев Бишкек ЖЭБине Кара-Кеченин көмүрү туура келбей турганын, бул үчүн ЖЭБдин курулушун жүргүзгөндөр жоопко тартыларын 3-январда «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Ал ЖЭБге жагылган көмүрдүн сапаты начар экенин белгилеген.

Бишкек ЖЭБине жылына 1 млн. 110 тонна көмүр керектелет. Ишкананын жетекчилигинин маалыматына ылайык, анын 850 миңи күз-кыш мезгилинде жагылат. Көмүрдүн 680 миң тоннасы Кара-Кечеден алынат.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз, айрым бөлүгү электр жарыгысыз калган.

Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер баш болгон жогорку кызмат адамдары соттолгон.

Бишкек Жылуулук электр борборуна жылына 1 млн. 110 тонна көмүр керектелет. Бишкек ЖЭБинин жетекчилигинин маалыматына ылайык, анын 850 миңи күз-кыш мезгилинде жагылат. Көмүрдүн 680 миң тоннасы Кара-Кечеден алынат.

Дүйнөдөгү чоң шаарлардагы абанын сапатын аныктаган «World Air Quality» уюмунун маалыматында Бишкекте абанын булганышы 6-январда да кооптуу чектен дагы эле ашып турганы айтылды. Активисттер жана жашоочулар бийликтен экология маселесине көңүл бурууну талап кылып келе жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG