Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

Ооганстанда адам өмүрүн алган чабуулдар уланып жатат


Талибдерге каршы турган ооганстандыктар. Кундуз провинциясы.
Талибдерге каршы турган ооганстандыктар. Кундуз провинциясы.

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясындагы чабуулдан беш киши мүрт кетти. Аймактын губернатору Абдул Наби Эльхамдын айтымында, кол салуу кандай ыкма менен жасалганы белгисиз. Көз жумгандардын арасында аялдар жана балдар бар экени кабарланды.

Коңшу Орузган провинциясында 7-январда аскер базасынын жанында жасалган жанкечтинин жардыруусунан коопсуздук күчтөрүнүн алты кызматкери набыт болду.

Кундуз провинциясында ушундай эле базага коюлган чабуулдан коопсуздук күчтөрүнүн алты кызматкери жан таслим болуп, эки киши жарадар болгону кабарланды.

Чабуулдар үчүн жоопкерчиликти эч бир уюм өз мойнуна ала элек.

6-январда Катарда талибдер менен расмий Кабулдун ортосунда 20 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу максатында сүйлөшүүлөр жанданды.

Сентябрда башталган сүйлөшүүлөрдөн азырынча эч бир жыйынтык чыга элек.

XS
SM
MD
LG