Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

COVID-19: Токиодо өзгөчө кырдаал жарыяланды


Жапониядагы Ыйык Марианна атындагы университеттик ооруканада коронавируска чалдыккандарды дарылаган бөлүм. Кавасаки шаары.
Жапониядагы Ыйык Марианна атындагы университеттик ооруканада коронавируска чалдыккандарды дарылаган бөлүм. Кавасаки шаары.

Жапон өкмөтү Токио жана анын тегерек-четиндеги аймактарга бир айга өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бийлик мындай жол коронавирустун жайылышын ооздуктоону көздөп жатат.

7-январда жарыяланган жаңы режимге ылайык, ресторан-барлар кечки саат сегизден кийин жабылат. Өкмөт ошондой эле жарандарды зарыл себеби жок көчөгө чыкпай турууга, ал эми ишканаларды мүмкүн болушунча кызматкерлерин үйдөн иштетүүгө чакырды.

Жапонияда пандемия башталганы коронавирустан 3700тен көп адам каза болду. Анткен менен күнүгө коронавирус 2500дей кишиден аныкталып жатат.

Европа мамлекеттеринде коронавирустун жаңы жугуштуу штаммы чыкканына байланыштуу кырдаал оор. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттык уюму билдирип, чараларды күчөтүү зарыл экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG