Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:44

УКМК талапкерлердин биринин жубайы алдамчылык боюнча шек саналып жатканын билдирди


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 7-январда тараткан маалыматта президенттикке талапкерлердин биринин жубайына карата сотко чейинки териштирүү иши башталганы айтылат.

Анда шектүүнүн аты-жөнү жана кайсы талапкердин жубайы экени ачык жазылган эмес.

Жазык кодексинин 204-беренесинин негизинде А.О деген жарандын арызынын негизинде У.К инициалындагы кыргызстандыкка карата сотко чейинки териштирүү иши башталып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы белгиленген.

Маалыматка караганда, талапкерлердин биринин жубайы ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн шек саналууда. Ал 2017-2018-жылдарда арыз жазган жарандан жалпы бизнес жүргүзүш үчүн 5 миллиондон ашык доллар алып, аны кайтарбай койгон деп айыпталууда.

УКМКнын билдирүүсүндө арызданган адам чет элдик инвестор экени жана өлкөгө керектүү долбоорго капитал салууну көздөгөнү да жазылган.

Иш прокуратурага өткөрүлүп берилгени кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG