Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Иранда украиналык учак атып түшүрүлгөнүнө бир жыл болду


Куткаруучулар кырсыкта курман болгондордун сөөктөрүн чогултушту. 8-январь, 2019-жыл.
Куткаруучулар кырсыкта курман болгондордун сөөктөрүн чогултушту. 8-январь, 2019-жыл.

Былтыр 8-январда Тегерандагы аэропорттон абага көтөрүлгөн украиналык учак көп өтпөй жерге кулап түшүп, ичиндеги 176 адамдын бири да аман калган эмес. Бир нече күндөн кийин Иран Киевге жол тарткан учакты кокусунан атып түшүрүп алганын мойнуна алган.

Кырсыктын бир жылдыгына карата эл аралык «Human Rights Watch» (HRW) уюму билдирүү таратып, чындыктын түбүнө жетип, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөп бериш үчүн Иран бийлигин окуяны таза иликтеп, эл аралык мекемелер менен кызматташууга чакырды.

Уюм билдиргендей, расмий Тегеран буга чейин кырсыкты таза жана ишенимдүү иликтегендин ордуна каза болгондордун үй-бүлөлөрүн коркутуп, куугунтукка алган. Ошондой эле HRW уюмунун маалыматына караганда, кырсыктан кийинки тынч митингдерге катышкан 20дай адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Эки белгилүү активист төрт жана беш жылга эркинен ажыратылган.

Иран бийлигинин расмий өкүлдөрүнүн айтымында, алар эч качан авиакырсыктын чоо-жайын жашырууга жана курман болгондордун жакындарынын укуктарын бузууга аракет кылышкан эмес.

Тегерандын аскер прокурору Голам Аббас Торки эксперттер окуянын себептерин иликтеп бүтүшкөнүн жана кырсык «адамдын катасынан» улам болгонун 7-январда билдирди.

Бул боюнча бир нече адамга карата кылмыш иши козголуп, сот ушул айдын соңунда башталары кабарланган. Бирок алар кимдер экени айтылган жок.

Кырсыкта Украина, Канада, Швеция, Британия, Иран жана башка мамлекеттердин жарандары көз жумган. Бул мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү Иран окуянын себебин иликтөөнү таза жүргүзгөн жок деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG