8-январда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров «Азаттык» радиосун коргоп, Бишкектин көчөлөрүндө акция өткөрдү. Ал Киев, Токтогул, Чүй көчөлөрүндө, «Айчүрөк» соода борборунун (ЦУМ) жанында «Азаттыкты» жактаган жазууларды көтөрүп алып, жарандарга кайрылды.