Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

14:36 11.1.2021

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду шайлоочулардын 79,19% колдоду. Ага 1 116 028 добуш берди.

Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт.

Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

Мындай жыйынтык 11-январь, саат 7:00гө карата электрондук үкөктөрдүн автоматтык эсебине ылайык чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул акыркы жыйынтык эмес экенин, бюллетендерди кол менен саноо жараяны жүрүп жатканын, аймактык шайлоо комиссияларында иш улантылып жатканын, натыйжасы 19 күндүн ичинде чыгарыларын билдирди.

Президенттик шайлоодо добуш берүүгө акылуу кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Алардын 1 409 422си шайлоого катышты. Бул 39,75% түзөт.

Бюллетендердин 1 397 725и жарактуу (99,17%), 11 697си жараксыз деп табылды.

Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча Референдумдагы добуштардын жыйынтыгы төмөнкүчө:

Президенттик респубилка үчүн - 1 147 462 добуш (80,97%);

Парламенттик республика үчүн - 155 185 добуш (10,95%);

Эки вариантка тең каршы 63 114 (4,45%).

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат.

11:57 11.1.2021

"Эл аралык толеранттуулук фонду" Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга добуш берүүгө байкоо жүргүзгөн. Фонд Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облусунда 15 аймактык шайлоо комиссиясында байкоо жүргүздү.

Фонд жиберген маалыматта байкоочулар 25 олуттуу мыйзам бузуу фактыларын каттап, тиешелүү акт түзүп, Борбордук шайлоо комиссиясына жолдогону кабарланган. Анда:

"Биздин байкоочулар добуш берүү күнү кырдаал туруктуу, бирок айрым мыйзам бузуу менен коштолгонун белгилешти. Суукка карабай, шайлоочулар добуш берүүгө келишти. Социалдык аралыкты кармоо талабы сакталган жок, айрым шайлоочулар өздөрүн тизмеден таба албай, добуш бере алышкан жок. Добуштарды автоматтык эсептөөчү үкөктүн иштебей калышы участокто элдин көбөйүшүнө шарт түздү. Мындан тышкары айрым участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочуларга бюллетенди үкөкө таштоодо "жардамдашканы" добуш берүүнүн купуялуулугун бузду", деп жазылган.

Кыргызстандагы 10-январдагы кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардан миңден ашуун байкоочулар көз салышты.

11:20 11.1.2021

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өттү деп тааный турганын миссиянын жетекчиси Владимир Норов бүгүн, 11-январда басма сөз жыйынында билдирди:

"ШКУнун байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга даярдык учурунан тартып, добуш берүү аяктаганча көз салды. Добуш берүү өнөктүгү Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ачык өттү. Президенттикке талапкерлерге үгүт иштери үчүн бирдей шарт түзүлүп берилгенине күбө болдук. Миссия Кыргызстанда шайлоо ачык, акыйкат жана легитимдүү өттү эсептейт".

ШКУнун өкүлү байкоочулар миссиясы тарабынан мыйзам бузуулар катталбаганын кошумчалады. Миссиянын башка мүчөлөрү да жетекчисинин сөзүн кубатташты.

10:52 11.1.2021

Референдум аркылуу өзгөртүлмөйүнчө азыркы Баш мыйзам иштеп турарын президенттикке талапкер Садыр Жапаров 10-январда шайлоодон кийинки басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, референдум июнь айына чейин өтөт:

"Эл президенттик башкарууну тандады. Эми конституциялык кеңешме жаңы Баш мыйзамдын долбоорун алып чыгып, жарыялайт. Парламент жаңы референдумдун күнүн аныктайт. Жогорку Кеңешти шайлоо системасы да өзгөрөт. Жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык система менен шайланат. Бул маселе июнь айына чейин чечилет деп ойлойм".

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG