«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай 10-12-январь күндөрү жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 12-январда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…5,
Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз 2…7,
Баткен облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4,
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2,
Нарын аймагында түнкүсүн -20...-25, күндүз -1…-6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -10…-15° болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз 3…5° болот.