Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:17

Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендер добуш берген төрт участоктун жыйынтыгы жокко чыгарылды


Ош шаарындагы шайлоо участокторунун бири.

Ош шаарында шайлоо участогунан тышкары күн мурун добуш берүүдө мыйзамсыз аракеттери үчүн төрт участоктун добуштары жокко чыгарылды. Бул боюнча «Азаттыкка» аймактык комиссиянын төрагасы Эралы Арынбаев билдирди.

«Төрт участоктон сыртта добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жалпы канча добуш жокко чыгарылганы эсептеле элек», - деди Арынбаев.

Ош шаарында күн мурунтан шайлоо участогунан тышкары добуш берүүгө 4535 шайлоочу арыз менен кайрылса, алардын 3,5 миңи добуш берген. Бир нече мыйзам бузуу катталып, териштирүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн.

9-январда Ош шаарындагы №5295 шайлоо участогунда көчмө урна менен добуш берүүдө мыйзам бузулганы тууралуу тасма тараган. Аймактык шайлоо комиссиясы «Азаттыкка» мыйзам бузуу териштирилип жатканын кабарлаган. (DU)

XS
SM
MD
LG