Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Беларуста бийликке каршы жекшембилик жүрүш башталды


Минскиде бийликке каршы акцияга чыккандар. 10-январь, 2020-жыл.
Минскиде бийликке каршы акцияга чыккандар. 10-январь, 2020-жыл.

Беларуста өкмөткө каршы беш айдан бери тынбай өтүп келаткан жүрүш башталды. Көз каранды эмес TUT.BY жаңылык порталы билдиргендей, тынчтык акциялары баш калаа Минск баштаган бир катар шаарларда өтүп жатат.

Минскинин метросунда мобилдик Интернет иштеп жатат. Буга чейинки акцияларда борбор шаардын метросунда эл көп түшкөн станцияларда Интернет үзгултүккө учураган.

Ыктырчылар Жодино шаарында 40тай киши камакта экенин билдиришти, алардын көбүн бийлик жаңы жылдык майрамдарда темир тор артына отургузган.

Александр Лукашенко Жаңы жыл алдында «Россия-1» телеканалындагы маегинде Беларустун жаңы Конституциясы 2021-жылдын этегине чейин даяр болорун айткан. Баш мыйзамдын долбоору референдумга коюлат.

Август айынан бери нааразылык иш-чараларына катышкандар өлкөнүн авторитардык бийлиги тыюу салган ак жана кызыл тилкелүү желектерди көтөрүп алышты. Алар Лукашенконун кызматтан кетишин жана былтыркы 9-августтан бери демонстранттарга зомбулук кылган аткаминерлер менен алардын буйругун аткаргандарды жоопко тартууну талап кылышты.

Жапатырмак камакка алуудан качуу максатында беларус оппозициясынын өкүлдөрү жаңы тактикага өтүшкөн: алар шаар чордонунда эмес, шаар четинде ар кыл конуштарда чачкын жүрүштөрдү өткөрүп келишет. Батыш өлкөлөрү Лукашенконун президенттик шайлоодо жеңгендигин тааныган жок.

XS
SM
MD
LG