Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Садыр Жапаров: Шайлоодо ким утуп чыкса да таанышыбыз керек


Президенттикке талапкер Садыр Жапаров жубайы менен Бишкектеги №1053 шайлоо участогунда добуш берген учуру. 10-январь, 2021-жыл.
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров жубайы менен Бишкектеги №1053 шайлоо участогунда добуш берген учуру. 10-январь, 2021-жыл.

Бул тууралуу президенттикке талапкер, премьер-министрлик кызматты убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 10-январда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Шайлоодо мен утуп чыгамбы же менден башка талапкер утуп чыгабы, биз аны таанышыбыз керек. Бул биринчиден, Кыргызстандын тынччылыгы үчүн, экинчиден, көпчүлүктүн добушун сыйлашыбыз керек. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши зарыл», - деди Жапаров.

Ал 10-январда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын аныктоо референдумга Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Садыр Жапаровду былтыр өлкөдөгү башаламандык учурунда 6-октябрга караган түнү тарапкерлери абактан бошотуп алышкан. 16-октябрда өкмөт башчы болуп дайындалып, 17-октябрь күнү президенттин милдетин аткарууну колуна алган.

Президенттик шайлоого талапкер катары катышкандыктан былтыр 14-ноябрда өлкө жетекчисинин милдетин аткаруу кызматын тапшырып, премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон.

Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо менен мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум бир күндө өтүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG