Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Мадумаров: Шайлоо таза өтпөй жатканын көрүп турабыз


Адахан Мадумаров добуш берүүгө келди. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.
Адахан Мадумаров добуш берүүгө келди. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда эле бир адамдын пайдасына мыйзам бузуулар орун алып жатканын белгиледи. Ал мындай пикирин бүгүн, 10-январда, Бишкектеги №1211 шайлоо тилкесинде добуш берген соң, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты:

“Шайлоонун таза өтпөй жатканын кечээтен бери сиздер деле көрүп жатасыздар. Кыргызстандын бардык жеринде көчмө урна менен добуш берүүдө мыйзам бузуу көп болду. Мындай жапайычылыкты эгемен алгандан бери көрө элекпиз Анын баарына коомчулук баа берет. Үгүт иштери учурунда одоно мыйзам бузуулар болуп жатты. Биз бир нече талапкерлер маалымат жыйын куруп, далилдер менен айтып бергенбиз. Бирок БШК, сот органдары эч кандай чара көрүшкөн жок. Эгерде мен шайлоодон жеңип чыксам, анда 5-октябрдан кийин кабыл алынган чечимдерди жокко чыгарып, өлкөнү укуктук талаага кайтарып келем”.

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров - "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери. "Бүтүн Кыргызстан" 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуштардын 7% арбын алган партиялардын катарына кирген.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Ушул тапта Кыргызстана 2428, чет өлкөлөрдө 48 добуш берүү участогу иштеп жатат. Жалпы 3,5 млн ашуун шайлоочу катталган.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:

-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.(AiB/ZKo)

XS
SM
MD
LG