Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Кыргызстанда президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды


Добуш берүү участогундагы үкөктөр. 10-январь, 2020-жыл.
Добуш берүү участогундагы үкөктөр. 10-январь, 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына ылайык, бүгүн, 10-январь күнү, саат 8:00дө Кыргызстандын аймагындагы 2428 шайлоо участогунун баары ачылып, добуш берүү башталды.

"Бардык шайлоо участокторунда добуш берүү башталды. Ар биринде тийиштүү шарттар түзүлгөн. Кеңсе жабдуулары, үзгүлтүксүз электр энергиясы, шайлоочуларга маалымат берүү жана пандемияга байланыштуу беткап жана башка коргоочу каражаттар менен камсыздалган. Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын добуш берүүсүнө да ылайыктуу шарттар түзүлгөн".

Мындан тышкары чет жактагы 28 өлкөдөгү 48 шайлоо участокторунун айрымдары жергиликтүү убакытка карай, ачылып, иштеп жатат. Бул участоктордо Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 3:00 башталды. Эң алгачкы шайлоо участогу Орусиянын Түштүк Сахалин аймагында, андан тышкары Кытай, Жапония, Малайзия жана башка таң эрте аткан өлкөлөрдө добуш берүү жүрүп жатат.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Боршайком добуш берүүчүлөрдүн саны соңку парламенттик шайлоого караганда 40 миң адамга көбөйгөнүн кабарласа, айрым байкоочулар ошол эле учурда биометриканын жоктугунан жана №2 форма жоюлгандыктан, 750 миңден ашык адам шайлоого катышпай каларын эскертишкен.

Кыргызстанда бүгүн, 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт. Президенттик жарышка 17 талапкер катышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG