Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Беларустун ар кыл шаарларында Лукашенкого каршы чакан жүрүштөр өтүүдө


Беларустагы чакан нааразылык жүрштөрүнүн бири. 2021-жылдын 9-январы.
Беларустагы чакан нааразылык жүрштөрүнүн бири. 2021-жылдын 9-январы.

9-январда Беларустун ар кыл шаарларында Александр Лукашенконун режимине каршы нааразылык жүрүштөрү конуштардын деңгээлинде атайылап чачкын уюшурулду.

“Азаттыктын” Беларус кызматынын маалымдашынча, нааразылык жүрүштөрү ишембиде таң куланөөк сөгө электе эле башталды.

Минск шаарынын чыгышында, Сухарево, Уручча, Новая Боровая, Лошица, Сляпянка, Степянка ж.б. конуштарында, ошондой эле Брест, Гродно шаарларында ушундай жүрүштөр уюштурулду.


Тасма. А.Лукашенконун режимине каршы нааразылык жүрүшү. 2021-жылдын 9-январы.

Нааразылык иш-чараларга катышкандар өлкөнүн авторитардык бийликтери тыюу салган ак жана кызыл тилкелүү желектерди көтөрүп алышты. Алар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана былтыркы 9-августтан бери демонстранттарга зомбулук кылган аткаминерлер менен алардын буйругун аткаргандарды жоопко тартууну талап кылышты.

Жапатырмак камакка алуудан качуу максатында беларус оппозициясынын өкүлдөрү жаңы тактикага өтүшкөн: алар шаар чордонунда эмес, шаар четинде ар кыл конуштарда чачкын жүрүштөрдү өткөрүп келишет.

Батыш өлкөлөрү Лукашенконун президенттик шайлоодо жеңгендигин тааныган жок. Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн бийлик башчылары (арасында Кыргызстандын мурдагы президенти С.Жээнбеков) анын жеңишин тааныгандыгын билдиришкен. (TT)

XS
SM
MD
LG