Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Нарындагы Турук көмүр кенинде мыйзамсыз көмүр казылганы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын 3-декабрында «Турук Майнинг» ишканасы көмүр казуу иштерин токтотконун билдирген. Бирок 24-декабрь күнү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов жана Ак-Чий айылынын тургундары компания көмүрдү жашыруун казып жатканын айтып арызданышкан.

«Турук Майнинг» жоопкерчилиги чектелген коому казган көмүрдү салык кызматына билдирген эмес. Ак-Талаа райондук салык кызматынын маалыматы боюнча, «Турук Майнинг» ишканасынын «2020-жылдын 3-декабрында көмүр казуу ишин токтоттук» деген билдирүүсүнүн негизинде салык посту алынган.

Компаниянын көмүр казуу ишин токтотпогондугу аныкталып, тийиштүү органдар тарабынан териштирүү иштери башталды.

Турук көмүр кенинен көмүр казуу үчүн «Сардар», «Ырыс Кен», «Кенч Строй» жана «Турук Майнинг» жоопкерчилиги чектелген коомдору лицензия алышкан. «Турук Майнинг» 2019-жылдын 25-июнь күнү лицензия алган. Лицензиянын мөөнөтү 2038-жылдын 25-июнунда бүтөт. (BsB)

XS
SM
MD
LG