Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Нарын облусунда саат онго карата 3% жетпеген шайлоочу добуш берди


Нарындагы добуш берүү тилкеси. 10-январь, 2021-жыл.
Нарындагы добуш берүү тилкеси. 10-январь, 2021-жыл.

Нарын облусунда саат онго карата 3% жетпеген шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарындагы өкүлү Бакыт Өмүралиев билдирди. Анын айтуусунда облус аймагында 171 шайлоо тилкеси бар, 202 475 шайлоочу катталган.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев каттоосу Бишкек шаарында болгондуктан, борбор калаага добуш бергени кеткенин облустук акимчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.(MiK/ZKo)

XS
SM
MD
LG