Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:31

БГУдагы шайлоо участогунда үкөк иштебей жатат


Бишкектеги №1046 шайлоо участогу. 10-январь, 2021-жыл.
Бишкектеги №1046 шайлоо участогу. 10-январь, 2021-жыл.

Бишкек шаарындагы №1046 шайлоо участогунда добуш берүү үкөгүнүн каттоочу механизми иштебей калгандыктан, шайлоочулар добуш бере албай жатышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын жетекчилиги мүчүлүштүктөрдү жоюу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Бишкек гуманитардык университетинде жайгашкан №1046 шайлоо участогунда 1726 шайлоочу катталган.

Ушундай эле техникалык мүчүлүштүк Жалал-Абад шаарындагы №2103 шайлоо участогунда да катталып, добуш берүү 26 мүнөт кеч башталды.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.(TSh/TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG