Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Кыргызстандагы президенттик шайлоого жана референдумга 35 эл аралык уюмдан байкоочулар көз салууда


Баткен шаарындагы добушкана. 10-январь, 2021-жыл.
Баткен шаарындагы добушкана. 10-январь, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованын журналисттерге билдиргени боюнча бүгүн, 10-январдагы мамлекет башчысын кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо референдумуна эл аралык уюмдардан тышкары дагы 44 чет өлкөдөн 333 байкоочу көз салууда. Ошондой эле жергиликтүү 13 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү, ыктыярчылары добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүшүүдө.

Шайлдабекованын сөзүнө караганда, байкоочулардан тышкары Кыргызстандагы президенттик шайлоого жана референдумдун жүрүшүн чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын 92 журналисти чагылдырууда.

10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG