Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Өкмөт шайлоо жана референдумга активдүү катышууга элди чакырды


Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектеген вице-премьер-министр Максат Мамытканов добуш берүүгө активдүү катышууга жарандарды чакырды.

Ал 10-январдагы түз эфир учурунда шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн добушканаларда бардык шарттар түзүлгөнүн айтты.

Шайлоочулардын жараянга жигердүү катышканы өлкөнүн мындан аркы башкаруу тартибин аныктай турганын белгиледи.

"Өзүңөрдүн добушуңар менен Кыргызстандын келечегин аныктап бергиле. Референдумда берген добушуңарга жараша өлкөнүн тарыхый миссиясы чечилет. Мамлекеттин бийлигинин мындан аркы түзүлүшү аныкталат. Ошондуктан, сөзсүз түрдө келип, референдумда коюлуп жаткан суроолорго өзүңүздөрдүн жообуңуздарды бергиле. Кыргызстандын алдыдагы жолун аныктаганга пикириңерди билдиргиле", - деди Мамытканов.

Бүгүн Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Референдумда шайлоочулардын тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын үч варианты коюлган. Алар:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы деген варианттар.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына карата нааразылык акциялары жапырт тополоңго айланып, мөөнөтүнөн мурда бийлик алмашкандан кийин кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган. Бийлик алгач Конституцияны өзгөртүү ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору регламент бузулганы тууралуу көптөгөн сын-пикирлерге, жарандык коомдун каршылыктарына карабай, декабрда Жогорку Кеңеште шашылыш түрдө дароо үч окууда кабыл алынган. Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.

Кыргызстан эгемендик алган 30 жылдык тарыхында бүгүн сегизинчи президенттик шайлоо өтүүдө. Жалпы элдик референдум да сегизинчи ирет уюштурулду. (NT)

XS
SM
MD
LG