Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Бишкектеги №1211 шайлоо тилкесинин орду алмашты


Бишкек шаарындагы №1211 шайлоо тилкесиндеги жарыя. 10-январь, 2021-жыл.
Бишкек шаарындагы №1211 шайлоо тилкесиндеги жарыя. 10-январь, 2021-жыл.

Бишкек шаарындагы Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №1211 шайлоо тилкеси учурда жабык турат. "Азаттыктын" кабарчылары барган кезде шайлоо тилкеси №29 мектепке жылып кеткени боюнча кулактандыруу чаптап жатышканына күбө болушкан. Бул шайлоо тилкесинде президенттикке талапкер Адахан Мадумаров добуш бермек. Азырынча талапкердин добуш берүүчү тилкесинин орду алмашканы тууралуу пикири белгисиз.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Айрым шайлоо тилкелеринде добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөр иштебей жатканы айтылууда. Добуш берүү үчүн Кыргызстан 2428, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участогу ачылган. Шайлоочулардын жалпы саны 3 563 574 адам.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.(AiB/ZKo)

XS
SM
MD
LG