Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Жалал-Абад: №2103 шайлоо участогунда добуш берүү 26 мүнөт кеч башталды


Жалал-Абад шаарындагы добуш берүү учуру. 10-январь, 2021-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы добуш берүү учуру. 10-январь, 2021-жыл.

Жалал-Абад шаарындагы бул көрүнүшкө техникалык мүчүлүштүк себеп болгонун шайлоо участогунун төрайымы Арал Мамырасулова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда шайлоочуларга берилүүчү чектин бири чыкпай калган.

Президенттик шайлоого карата Жалал-Абад облусунда 449 шайлоо тилкеси даярдалган.

Облус аймагында катталган шайлоочулардын жалпы саны - 666 556. Бул соңку парламенттик шайлоодогу шайлоочулардын санынан 22 921ге көп. Бардык участкаларда байланыш каражаттары камсыздалып, 435 жайда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга пандустар орнотулду.

Участкалардын 353ү мектеп имараттарында, калгандары бир катар социалдык мекемелерде жайгашкан. Ар бир добушканада коронавирус илдетинин алдын алуу максатында санитардык талаптардын сакталышына көңүл бурулуп жатканы кабарланды.

Жалал-Абад облусунда 700дөн ашуун тартип сакчысы көзөмөлдөп жатат.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.(TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG