Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов №1053 шайлоо участогунда добуш берди


Бишкек шаарындагы №1053 шайлоо участогу. 10-январь, 2020-жыл.
Бишкек шаарындагы №1053 шайлоо участогу. 10-январь, 2020-жыл.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов бүгүн, 10-январда Бишкек шаарындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берип кеткенин участкалык шайлоо комиссиясынан "Азаттыкка" билдиришти. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Талант Мамытов журналисттердин катышуусунда добуш бербей турганын 9-январда маалымдаган.

Кабарчыбыздын маалыматына караганда, ушул эле шайлоо тилкесинде президенттикке талапкер, шайлоого байланыштуу премьер-министрлик кызматын өткөрүп берген Садыр Жапаров да добуш берет.

Ошондой эле кабарчыбыз шайлоо тилкесинде добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдөн тышкары дагы эки жөнөкөй үкөк турганын байкаган. Участкалык шайлоо комиссиясынын жетекчилиги бул үкөктөр көчмө добуш берүүдө колдонулган үкөктөр экенин билдирген.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.(BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG