Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Ыкчам топ: Шайлоо өнөктүгү учурунда талапкер Жапаровго байланыштуу даттануулар арбын түштү


Садыр Жапаровдун үгүт баннери. Иллюстрациялык сүрөт.
Садыр Жапаровдун үгүт баннери. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК), Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) биргелешип түзгөн Ыкчам чара көрүүчү координациялык топко кезексиз президенттик шайлоо жана референдумга үгүт өнөктүгү учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу 61 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен эң көбү талапкер Садыр Жапаровго жана анын штабынын ишмердигине байланыштуу. Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров бүгүн, 10-январда маалымат жыйынында билдирди:

"Жалпы даттануулар - 61. Негизинен, моюнга алыш керек, даттануулардын басымдуу бөлүгү - талапкер Садыр Жапаровго байланыштуу. Жалпысынан үгүт тууралуу мыйзамдарды бузганы, башка талапкерлердин тарапташтарын коркутуу фактылары боюнча. Учурда бул иштердин баары биздин ыкчам топ тарабынан текшерилип жатат".

Президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду үгүт өнөктүгүндө административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана шайлоочуларга кысым көрсөтүү боюнча шайлоо мыйзамын бузган учурлар катталганын, анын ичинен 12си далилденип, ыкчам чара көрүүчү координациялык топко жиберилгенин маалымдаган.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.
Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.
Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG