Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Индонезияда учак кулаган жерде суучулдар издөө иштерин жүргүзүп жатат


«Сривижая Эйрлайнз» авиакомпаниясынын «Боинг-737» учагы.
«Сривижая Эйрлайнз» авиакомпаниясынын «Боинг-737» учагы.

Индонезиянын бийлиги ишембиде кырсыкка учурап, деңизге кулап түшкөн «Сривижая Эйрлайнз» авиакомпаниясынын «Боинг-737» учагынын калдыктарын издеп жатат. Экипаж менен байланыш учак абага көтөрүлгөндөн төрт мүнөттөн кийин үзүлгөн. Учакта 63 киши болгон, анын 12си эпипаждын мүчөлөрү. Алардын арасынан тирүү калганы жок. Учак баш калаа Жакартадан өлкөнүн батышындагы Понтианак шаарына багыт алган болчу.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал Лаңкаң аралына жакын жердеги сууга кулаган. Ал жерге аскердик суучулдардын куткаруучулары келип, издөө иштерин баштаган.

Тергөөчүлөр учактын фюзеляжын суудан алып чыгып иликтешет. Жакартанын полициясы суу алдынан чыгарылган кишинин сөөктөрүнүн мүчөлөрү, жүргүнчүлөрдүн жеке буюм-тайымдары тергөөчүлөргө берилгенин билдирди. Маркумдардын сөөктөрүн аныктоо иштери башталды.

XS
SM
MD
LG