Ысык-Көлдө балык кармаганы чыгып, чөгүп кеткен 38 жаштагы кишинин сөөгү табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-январда билдиргендей, куткаруучулар бир күндөн кийин табылган сөөктү туугандарына өткөрүп беришти.
Каза тапкан киши Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын тургуну. Ал шериги менен 10-январда балык кармаганы чыгып, кайыгы кырсыктагандан кийин дайынсыз болуп жаткан.
Шеригин жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.