«Нурайым өрттөн чыгууга үлгүрбөй калган»
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 10-январда тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, бир кишинин өмүрү кыйылды. Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев "Азаттыкка" билдиргендей, жарылуу борбордук базарда жайгашкан тез татым жайында болгон. Анда иштеп жаткан эки жигит жарылуу болгондо күркөдөн секирип чыгып кеткенге үлгүргөн. Ал эми 18 жаштагы кыз чыга албай калып, кайтыш болду. Күркөнү каза болгон Нурайым Аманкалиеванын жээн агасы ижарага алып иштетип жүргөн.
Чыгарылыштар
-
Март 11, 2026Вандык кыргыздар: Памирден уланган мурас
-
Март 04, 2026Иран, Израилдеги кыргызстандыктардын абалы
-
Март 02, 2026“Кыргызстанга кете албай жатабыз”
-
Февраль 23, 2026“Англияга бешинчи жолу жөнөдүм”. Мигранттар Британияга бет алды
-
Январь 21, 2026Немис канцлердин партиялашы Раушан