Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Помпео: «Аль-Кайида» Иранда «жаңы уюгун» түзүп алды


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. 12-январь, 2020-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. 12-январь, 2020-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео эч кандай далилдерди келтирбестен, эл аралык «Аль-Кайида» террорчу уюму Иранда жаңы уюгун түзүп алганын билдирди.

Бул тууралуу ал 12-январда Вашингтондогу басма сөз жыйынында айтты. Кызматтан кетерине сегиз эле күн калган Помпео Иран «Аль-Кайиданын» лидерлерине баш калка берип, колдоо көрсөтүп жатканын кошумчалады. Бирок бул маалыматка АКШ Конгресси жана чалгын кызматтары анча ишене беришпейт.

2020-жылы ноябрь айында «New York Times» басылмасы 1998-жылдагы Африкадагы АКШнын эки элчилигин жардырууга айыпталган Абу Мухаммад ал-Масри Ирандагы израилдик тыңчылар тарабынан атып өлтүрүлгөнүн жазган. Иран бул маалыматты четке кагып, анын аймагында «Аль-Кайиданын» эч кандай жоочулары жок экенин билдирген.

Помпео ал-Масринин өлүмү тууралуу алгачкы ирет ачык айтып жатканын белгилеп, анын Иранда болушу таң калыштуу эмес экенин кошумчалады. «Анткени «Аль-Кайиданын» эми жаңы базасы бар. Бул - Иран Ислам Республикасы», - деди ал.

Мамкатчы Ирандын «Аль-Кайида» террорчулар чынжыры менен байланышы бар экенин мурда деле айтып келген, бирок ал эч кандай далил келтире алган эмес.

Исламдын шиит багытын кармаган Иран менен суннит багытын карманган «Аль-Кайида» көп жылдар бою өз ара тирешип келишкен. Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Помпеонун дооматтарын четке какты.

Трамп президенттикке келгени Иран менен өтө жаман мамиледе болуп келди. Помпео соңку апталарда Тегеранга жаңы санкцияларды киргизүү менен басымды күчөтүп жатат.

Шайланган президент Жо Байдендин кеңешчилеринин айтымында, Трамп жаңы администрациянын Иран менен болгон мамилесин калыбына келтирүү жараянын оорлоштурууга аракет кылып жатат.

Байдендин администрациясы Трамптын өкмөтү 2018-жылы чыгып кеткен Иран менен дүйнөлүк алты мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимге кайрадан кошулушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG