Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Адвокаттар Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүүдө


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотто. Ноябрь, 2020-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотто. Ноябрь, 2020-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү соттон өтүнүп жатышат.

Адвокат Замир Жоошев билдиргендей, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 14-январда Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча ишин кароону улантат.

Сотто актоочу тарап анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч киргизет.

Жогорку сот былтыр 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра караш үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. 10-декабрда биринчи отурум өткөн.

Ага чейин, июнда райондук соттун чечими менен Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.

Мурдагы президент Кой-Таш окуяларына жана башка коррупциялык иштерге байланыштуу да айыпталган. Бул иштердин баары бириктирилип сотто каралууда.

Атамбаев жана анын тарапташтары, адвокаттар ага карата козголгон иштерди саясий куугунтук катары баалап келатышат.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылы октябрда өткөрүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG