Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Түркияда коронавируска каршы эмдөө башталды


Орусия коронавируска каршы иштеп чыккан вакцина. Москва. 13-январь, 2021-жыл.
Орусия коронавируска каршы иштеп чыккан вакцина. Москва. 13-январь, 2021-жыл.

13-январда Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа кытайлык «Sinovac Biotech» компаниясынын вакцинасы менен эмделди. Ал журналисттерге «алгач дарыгерлер, андан соң 65 жаштан улуу адамдар акысыз эмделерин» кабарлады.

Министр буга чейин өлкөдө 1 миллион 100 миңге жакын дарыгер жигердүү иштеп жатканын жана Түркияда коронавирус жуккандардын жалпы санынын 10% дарыгерлер экенин маалымдаган.

Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 13-январда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 23 325 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 2 миллиондон ашты.

Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлдү. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйлөрүнөн чыкпоого тийиш.

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. (ElB)

XS
SM
MD
LG