Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

AI Тоолуу Карабак чатагындагы карапайым тургундардын өлүмүн иликтөөгө чакырды


2020-жылдагы Тоолуу Карабак чатагында каза болгондорду жерге берүү зыйнаты.
2020-жылдагы Тоолуу Карабак чатагында каза болгондорду жерге берүү зыйнаты.

«Эл аралык мунапыс» (AI) уюму Армения менен Азербайжанды Тоолуу Карабактагы кагылышуулар маалында калк жыш жайгашкан райондордо куралдын иретсиз колдонулушун иликтөөгө чакырды.

Лондондо жайгашкан уюм 13-январда жарыялаган отчётунда тараптар эл аралык гуманитардык укук нормаларын бузуп, ошондон улам ондогон адамдар каза болуп, жүздөгөн карапайым кишилер жарадар болгонун жазган.

Баяндамада далилдердин бар экенине карабастан, эки тарап тең калк жыш жайгашкан райондорду туш келди аткылабаганын жана эл аралык конвенциялар тыюу салган курал-жарактарды колдонбогонун билдирип келишкени белгиленген.

«Amnesty International» уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс билдиргендей, «жайкын тургундар өлтүрүлдү, үй-бүлөлөр бөлүндү, көп үйлөр бузулду».

Укук коргоочулар эки тараптагы “ондогон аткыланган жерлерди” кыдырып, фактыларды документациялашкан. Отчетто бир жарым айга созулган куралдуу жаңжал алты миңдей адамдын өмүрүн алганы жазылат. Анын ичинде 146 карапайым тургун, арасында балдар да бар эле.

Эл аралык мунапыс уюмунун маалыматына караганда армян күчтөрү сегиз жолу Азербайжандагы шаар-кыштактарды аткылашкан, ал эми азери күчтөрү тогуз жолу Тоолуу Карабактагы шаар-кыштактарды жана бир жолу Армениянын аймагын аткылашкан.

Алты аптага созулган кагылышуу Орусиянын аралашуусу менен гана токтотогон.

XS
SM
MD
LG