Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Бишкекте «Адамдын эмгектен улуу тиреги жок» деген көргөзмө уюштурулууда


Абдылдажан Акматалиев.
Абдылдажан Акматалиев.

Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада бүгүн, 15-январда «Адамдын эмгектен улуу тиреги жок» аттуу китеп-сүрөт көргөзмө жана чыгармачылык кече өткөнү жатат.

Саат 14.00гө белгиленген иш-чара филология илимдеринин доктору, академик Абдылдажан Акматалиевдин 65 жылдык мааракесине арналган.

Бул тууралуу Улуттук китепкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, китеп-сүрөт көргөзмөдө Акматалиевдин китептери, эмгектери, ал жөнүндө жазылган макалалар, гезит-журналга чыккан материалдар жана сүрөттөр коюлат.

Абдылдажан Акматалиев адабият тармагында ондогон илимий эмгектерди жараткан.

2000-2004-жылдары эки жолу илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлүгүнө шайланган. Акматалиевдин эмгектеринин басымдуу бөлүгүн Чыңгыз Айтматов жана «Манас» эпосу тууралуу изилдөөлөр түзөт.

Ал 1956-жылдын 15-январында Нарын шаарында туулган. (NT)

XS
SM
MD
LG