Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

COVID-19: Франция бүткүл өлкөдө коменданттык саат киргизүүдө


Франция, Париж.
Франция, Париж.

Коронавирустун жаңы штаммы жайылып жаткандыктан Франция 16-январдан тартып бүткүл өлкө боюнча коменданттык саат киргизүүдө.

Француз премьер-министри Жан Кастекс билдиргендей, карантин кечки саат 6дан таңкы 6га чейин өкүм сүрөт. Азырынча чектөөлөр 15 күнгө киргизилет. Вирустун жайылышы азайбаса, анын мөөнөтү да узартылышы ыктымал.

Британиядан коронавирустун жаңы штаммы тарап жаткан кезде Францияда вируска чалдыккандар кескин көбөйүп кетти. Буга чейин коменданттык тартип бир нече аймакка киргизилген.

18-январдан тартып Францияга Шенген аймагына кирбеген мамлекеттерден келгендердин баарынан COVID-19га карата тесттин жыйынтыгы талап кылынат.

Келгендер бир жумага карантинге алынып, андан соң кайра тест тапшырышы керек.

Францияда «Pfizer/BioNTech» жана «Moderna» компанияларынын вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Декабрдын аягына чейин 140 миңдей киши эмделген.

Пандемияда Францияда коронавирус жугузуп алгандар үч миллионго жакындады. Илдеттен 70 миңдей киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG