Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Украинада тейлөө тармагы мамлекеттик тилге өткөрүлдү


Украинада мамлекеттик тилди коргоп-колдоого чакырган акциялар өткөн.
Украинада мамлекеттик тилди коргоп-колдоого чакырган акциялар өткөн.

Украинада 16-январдан тартып бардык тармактарда кардарларды украин тилинде тейлөөгө милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, кызмат көрсөтүү жана товарлар тууралуу маалыматтар, жарнак-жазуулардын баары мамлекеттик тилде болушу керек.

Мыйзамга ылайык, кардар суранган учурда гана украин тилинен башка тилди колдонууга уруксат берилет. Документ боюнча, 2022-жылдан тартып бул норманы бузгандарга 6800 гривен (240 доллар) айып пул салына баштайт.

Тейлөө тармагын мамлекеттик тилге өткөрүүгө милдеттендирген мыйзамды 2019-жылы Петр Порошенко президент болуп турганда парламенттин мурдагы курамы кабыл алган. Анын "Армия. Тил. Ишеним" деген ураан менен жүргүзүлгөн шайлоо өнөктүгүн оппозиция "өлкөнү бөлүп-жарат" деп сындап келген эле.

Азыркы президент Владимир Зеленскийдин "Эл кызматчысы" партиясынан депутат Максим Бужанский 27 фракциялашы менен айып пулду алып салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканын маалымдады.

Сурамжылоого ылайык, өлкөдө жашагандардын 73 пайызы украин тилин эне тили деп эсептешет. Бирок бул тилди жарандардын 53 пайызы гана туруктуу колдонот. Айрым бир аймактарда жашагандардын 100 пайызы орус тилинде сүйлөшөт.

XS
SM
MD
LG