Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

ИИМ: Кылмыштуу топтун 10 миң доллардан ашык топтом каражаттары алынды  


Милиция тараткан сүрөт.
Милиция тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыштуу жол менен табылган акчаны мыйзамдаштыруу боюнча факты аныкталып, шектүүлөрдөн 297 миң сом жана 8200 доллар табылганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Милициянын маалыматына ылайык, табылган каражат уюшкан кылмыштуу топтун жыйнаган акчасы болгон. Тергөөнүн баштапкы маалыматына караганда, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын абактарынын биринде отурган, криминалдык статустка ээ болгон 29 жана 34 жаштагы соттолгон жарандар чогуу отургандардан опузалап акча талап кылып, баңгизат сатып, ар кандай кумар оюндарын өткөрүп жана алдамчылык менен алектенип табылган каражатты кылмыш дүйнөсүнүн акча топтомуна жөнөтүп турган.

Жогорудагы кылмыштуу акча топтоо үчүн шектүү деп аныкталгандардын арасында аял кишилер да бар. Учурда бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексининин 215-беренеси («Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу») боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG