Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Бишкектеги кичиавтобустун айдоочулары талаптарын айтып акимчиликке келишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы кичи автобус айдоочуларынын бир тобу жол акыны 15 сомго көтөрүү талабы менен 19-январда Октябрь райондук акимчилигине келишти.

Алар калаа жетекчилиги менен жолугуп, талап коюшарын айтышты. Ушул күнү акимчиликте мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин маселеси боюнча маалымат жыйын өткөрөрү айтылган.

Айдоочулар күндүз саат 13:30дар чамасында акимчиликке келип, ичкери кирип кеткенин "Kaktus Media" басылмасы түз эфирде көрсөттү.

Бензин жана тетиктердин кымбаттаганын мисал келтирип, Бишкекте маршруттук кичиавтобус айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда. 18-январда бир катар кичи автобустар каттамга чыкпай коюшкан. Милиция иш таштап, жасалма коллапс жаратуу мыйзамсыз экенин эскерткен. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев алардын талаптарын чечүүгө жок дегенде бир-эки ай убакыт керек экенин айткан.

Бишкекте муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары жүргүнчүлөрдү 41 жеке компаниянын кичи автобустары тейлейт. Бир күндө жолго мындай автобустардын миңге жакыны чыгат.

Учурда кичи автобустардын жол киреси - 10 сом, автобус менен троллейбустардыкы - 8 сом. (SE)

XS
SM
MD
LG