Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:14

24-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.

24-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6;

Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз -1…-6;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…12;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз -2…-4 градус болот.

XS
SM
MD
LG