Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Конституциялык кеңешме кезектеги жыйынга чогулат


Кыргызстандын Конституциясы.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан конституциялык кеңешме бүгүн, 26-январда Бишкекте кезектеги жыйынга чогулат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, талкуу Улуттук илимдер академиясында болот.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 22-январда учурда кыргыз тилинде жазылган долбоор орусчага которулуп жатканын билдирген. Баш мыйзамдын жаңы долбоору акыркы баскычта талкууланып жатканын, ал иштелип бүтөрү менен парламентке жиберилерин айткан.

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган.

Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккандан соң Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.

Негизи, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин, референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилген.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал экенин билдирген.

2020-жылдын 12-апрелине белгиленген Ош, Токмок, Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу шаардык жана бир катар жергиликтүү кеңештерге шайлоо коронавирус пандемиясына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылып калган эле.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 10-январда өттү.

БШКнын расмий жыйынтыгына караганда, референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкаруу формасын колдоду. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG