Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Мурдагы эки вице-премьер-министр суракка чакырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мурдагы вице-премьер-министрлер Аида Исмаилова жана Алтынай Өмүрбекова 26-январда суракка чакырылды.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдиргендей, Исмаилова 09:30га, Өмүрбекова 15:00гө Финполго чакырылган.

Маалыматты Алтынай Өмүрбекова да "Азаттыкка" ырастап, чакыруу коронавирус илдетине өкмөттүн даярдыгынын чабалдыгы боюнча ишке байланыштуу экенин айтты.

Финполиция 2020-жылдын октябрында коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бул иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынган, азыр үй камагында. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күбө катары суралып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Буга чейин мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов да сурак берип чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG