Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Каллас Эстониянын алгачкы аял өкмөт башчысы болду


Эстониянын жаңы өкмөт башчысы Кая Каллас. 25-январь, 2021-жыл. Таллин.

Эстониянын парламентинде Реформалар партиясы менен Борборчул партия коалиция түзүп, Кая Калласты өкмөт башчылыкка бекитти. Өткөн айда болгон коррупциялык чууга байланыштуу мурунку министрлер кабинети кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Ошентип Эстонияда президент да, премьер-министр да аял болуп калды.

43 жаштагы Каллас мурда Европарламенттин депутаты болгон. Ал Реформалар партиясынын негиздөөчүсү жана Евробиримдиктин мурдагы комиссары Сийм Калластын кызы.

«Биринчиден биз саламаттык сактоо тармагындагы кризисти жөнгө салышыбыз зарыл», - деди Каллас 25-январда.

Учурда коалицияга кирген Реформалар партиясы жана Борборчул партия Эстония Советтер Союзунан бөлүнүн, өз алдынчалыкка жеткен алгачкы жылдары эң негизги саясий блоктор болушкан. Экөө тең Эстониянын Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болушун колдошот.

XS
SM
MD
LG