Бишкек шаарындагы «Ош базарынын» айланасы тартипке салынат. Бул тууралуу Бишкек шаар башчылыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ленин райондук башкармалыгы «Ош базарынын» ичиндеги жана тегерегиндеги санитардык-эпидемиологиялык тартипти сактоону уюштурат.
Ленин районунун жетекчилиги ошондой эле Чүй проспекти менен Бейшеналиев, Павлов көчөлөрүнүн кесилиштеринде жайгашкан сойкуканаларды да жок кылуу маселесин талкууга алды.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев «Ош базарынын» айланасындагы башаламан сооданы токтотууга шаар бийлигинин күчү жетпей калып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен жардам сураганын жарыялаган эле.
«Ош базарына» жакын жайгашкан көчөлөрдөгү жайма базарлар ондогон жылдардан бери иштеп келет. (BCh)