Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Жогорку сот Салянованын «лицензия иши» боюнча өкүмдү күчүндө калтырды


Аида Салянова.
Аида Салянова.

27-январда Жогорку сот Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу мурдагы юстиция министри Аида Салянованын ишин кайра карап, мурдагы чечимди күчүндө калтырды.

Жогорку соттун бул жолку чечимин Аида Салянова адилетсиз чечим катары баалады:

«2017-2018-жылдары мага карата саясий чечимдер чыккан. Бүгүнкү сот отуруму жаңы бийликтин убагында болуп жатпайбы, менимче алар үчүн менин ишим «өлкөдө акыйкаттык, мыйзамдуулук болобу же саясий куугунтуктар дагы эле улана береби?» деген бир сыноо эле. Негизи ушул процессте мыйзамдуулук жеңмек же өч алуу уланмак. Өч алуу жеңип кетти. Ушул чечимди акыйкат деп ким айтат?»

2019-жылдын декабрь айында Жогорку сот жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап, Салянованын жазасын өзгөрткөн эмес. Буга байланыштуу Аида Салянованын адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан.

Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.

Аида Салянованын кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча дагы бир кылмыш иши учурда Бишкектин Свердлов райондук сотунун кароосунда турат.

Ал 2011-2015-жылы Башкы прокурор, 2010-жылы юстиция министри болуп иштеген. Жогорку Кеңешке «Ата Мекен» партиясынан депутат болгон. (GT)

XS
SM
MD
LG