Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:41

Жапаров коомдун бардык катмарын биригүүгө чакырды


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

28-январда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ант берүү учурунда сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы саясий күчтөрдү, оппоненттерин, улуттарды, диний конфессияларды биригүүгө чакырды.

Президент түндүк-түштүк деп бөлүнүү, жердешчилик, уруучулук мүнөздүү өлкөдө прогрессивдүү, саясий дөөлөттөрдү өздөштүрүү али эрте деген түшүнүктү ички жана сырткы душмандар канчалык таңуулабасын, эл мындай терс жоромолдорду кабыл албайт деген оюн айтты:

«Элибиз улуттук консолидацияга умтулуунун, регионализмдин жана ашынган улутчулдуктун чидеринен кутулуунун жолун тынбай көздөп, изденип жатканын далилдеди. «Ырыс алды - ынтымак» дейт элибизде. Коомдогу консенсус аркылуу гана илгерилей алабыз. Мен учурдан пайдаланып өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү, санаалаштарымды жана оппоненттеримди, улуттук азчылыктарды жана диний конфессияларды ушул улуу мүдөөнү аткаруу жолуна тилектеш, максатташ болууга чакырам».

10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.

Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт Үйүндө болот. Мурдагы президенттер учурда Жогорку Кеңеш жайгашып турган имаратта иштеп келген. (BCh)

XS
SM
MD
LG