Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Навальныйдын штаб башчысы Леонид Волковго издөө жарыяланды


Лонид Волков.
Лонид Волков.

Орусиянын Тергөө комитети оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын аймактык штабдарынын башчысы Леонид Волковго издөө жарыялады. Волковго карата «Уруксатсыз нааразылык акциясына жашы жете электерди чакыруу» деген берене боюнча сыртынан айып коюлду.

Ага Волковдун өспүрүмдөрдү акцияга чыгууга чакырган тасмасы негиз болгону кабарланды. Оппозициячыл активист учурда чет өлкөдө жүрөт.

Леонид Волков бул кылмыш ишине жазуучу Жорж Оруэлл китебинен үзүндү келтирип, какшыктап жооп кайтарды.

Орусияда камакка алынган Алексей Навальныйдын тарапташтары өлкөдөгү бир нече шаарда экинчи нааразылык акцияларын 31-январда уюштурууну пландап жатышат.

Буга чейин 23-январда өлкөнүн ондогон шаарларында Навальныйды абактан бошотууну талап кылгандардын акциясы өткөн. Анын жүрүшүндө полиция демонстранттарга күч колдонуп, 4000 миңге жакын киши кармалган. Орус бийлиги бул акциялар уруксатсыз өткөнү үчүн тартип бузгандар кармалганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG