Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

COVID-19: бир бейтап каза болду, дагы 76 кишиден аныкталды


Кыргызстандык медкызматкер. Архив.
Кыргызстандык медкызматкер. Архив.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 31-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза тапты. 76 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1412 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 529 адам болду. Андан айыгып чыккандардын саны - 80 896.

Стационарда 586 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 170 адам оор, 26 киши өтө оор абалда жатат. 732 адам амбулатордук дарыланууда.

31-январда медицина кызматкерлеринен коронавирус аныкталган жок.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4173 киши болду, алардын ичинен 4088и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (TSh)

XS
SM
MD
LG