Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04
Москва.
Москва.

Навальныйды колдогон акцияларда миңдеген киши кармалды

44 жаштагы Алексей Навальный – Орусиянын бийлигине ачык каршы чыккан саясатчылардын бири. Былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, ал түшкөн жүргүнчү учак Омск шаарына чукул кондурулган. Эс-учу жок жаткан бейтапты Омск шаарынан түз эле Берлинге учак менен жеткиришкен. Саясатчы Германиядагы ооруканалардын биринде дарыланган жана Томскиде «Новичок» деген зат менен ууландырылганы ачыкка чыккан.

Кийинчерээк эл аралык иликтөөчүлөр тобу оппозиционерди  ууландыруу үчүн тымызын амалды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү уюштургандыгын ашкерелеген. Бирок Кремль бул доону четке кагып келет.

Навальный 17-январда Германиядан Москвага келээри менен “Шереметьево” аба майданында кармалган. Сот саясатчыны 30 күнгө камакка алууга чечим чыгарган.

15:34 31.1.2021

Москвада коопсуздук күчтөрү Сухаревская аянтын курчоого алышты. Ал жерде адамдар жапырт кармалууда. Бул тууралуу “Настоящее времянын” кабарчысы билдирди. Аянтка Росгвардиянын 10 автобусу келди. Жарым саат мурун Леонид Волков дал ушул аянтка чыгууга чакырган.

 

15:25 31.1.2021

 

15:17 31.1.2021

Москванын борборундагы соода борборлору жана дүкөндөр 31-январда иштебей турууну чечишти. Бул тууралуу борбор калаанын бийлиги билдирди.

"Алексей Навальныйды колдогон, бийлик менен макулдашылбаган митинг учурунда Москванын борборундагы дүкөндөрдүн жана кафелердин жабылышы рекомендациялык мүнөзгө ээ", - деди Москванын соода жана тейлөө департаментинин башчысы Алексей Немерюк. Анын айтымында, шаар бийлиги Любянкадан 100 метр аралыкта жайгашкан дүкөндөргө жана кафелерге 31-январда ачылбашы керек деп сунуш кылган.

15:13 31.1.2021


“Настоящее время” каналынын кабарчылары билдиргендей, борбордо адамдар камакка алына баштады. Тактап айтканда, милиция кызматкерлери "конокко келдим" деп айткан адамды кармап кетишти.

Кремлдин айланасына темир тосмолор орнотулду. Моховая көчөсүндө, Манежная аянтында, Театральныйда тосмолорду Ички иштер министрлигинин жана Росвардиянын кызматкерлери кайтарып турушат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG