Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25
Москва.
Москва.

Навальныйды колдогон акцияларда миңдеген киши кармалды

44 жаштагы Алексей Навальный – Орусиянын бийлигине ачык каршы чыккан саясатчылардын бири. Былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, ал түшкөн жүргүнчү учак Омск шаарына чукул кондурулган. Эс-учу жок жаткан бейтапты Омск шаарынан түз эле Берлинге учак менен жеткиришкен. Саясатчы Германиядагы ооруканалардын биринде дарыланган жана Томскиде «Новичок» деген зат менен ууландырылганы ачыкка чыккан.

Кийинчерээк эл аралык иликтөөчүлөр тобу оппозиционерди ууландыруу үчүн тымызын амалды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү уюштургандыгын ашкерелеген. Бирок Кремль бул доону четке кагып келет.

Навальный 17-январда Германиядан Москвага келээри менен “Шереметьево” аба майданында кармалган. Сот саясатчыны 30 күнгө камакка алууга чечим чыгарган.

04:09 1.2.2021

31-январдагы нааразылыктын катышуучуларына кылмыш иши козголду

Санкт-Петербургда, маселен, бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөттү деген доо боюнча кылмыш иши ачылды. Нааразылык жыйынынын бир катышуучусу атайын полиция кошуунунун бир жоокерин эки жолу башка муштаган. Шектүү жаранды полиция кармап кетти, бирок анын ысымы ачыктала элек.​

Андан тышкары Санкт-Петербург полициясы унааларды же жолдорду бузгандарга каршы кылмыш ишин ачканы маалымдалды. Бирок бул иш 23-январдагы окуяга карата 31-январда ачылган. Бул ишке байланыштуу жекшембиде таңга маал тогуз жерде тинтүү жүрдү. Үйү тинтилгендердин арасында жергиликтүү кеңештин депутаттары Владимир Волохонский менен Василий Кунин, айрым жарандык жигердүүлөр да бар.

Челябинск шаарында жолду мыйзамсыз тороду деген доо боюнча кылмыш иши ачылды. Бул окуяны тергөөгө байланыштуу 23 киши кармалып, суракка алынууда.

Москва шаарында коронавируска каршы санитардык чектөөлөрдү бузду жана автоунааларды жана жолдорду жараксыз кылды деген доолор боюнча иштер ачылды. Саясатчылар Илья Яшин менен Андрей Пивоваров кармалып, суракка алынып жаткандардын арасында экени кабардалды.

Борбор шаарда “Росгвардия” кошуунуна таандык кызматтык автоунааны өрттөдү жана бийлик өкүлүнө зомбулук аракет жасады деген доолор боюнча да кылмыш иштери ачылган. Атайын полиция кошуунунун өкүлүн бейсбол таягы менен чабууга далаалат жасады деп шектелген киши коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалганы маалымдалды.

31-январдагы бир нече ондогон шаарларда өткөн нааразылык чараларына катышкандардын ичинен 5 миңден ашуун өкүл кармалгандыгы кабардалууда. Бул Орусиянын соңку жаңы тарыхында бир эле күнү кармалгандардын саны жагынан рекорд жаңырткан көрсөткүч болду. Алардын ичинен 1,5 миңи – москвалыктар болду.

“Эмнести Интернешнл” уюмунун маалымдашынча, Москвадагы убактылуу абак жайларда таптакыр орун калбай калды. Ошондуктан айрым кармалгандарды депортацияланчулар кармала турган имараттарга алып келишти.

Алексей Навальныйдын штабы кезектеги нааразылык жыйындар 2-февралга белгиленип жаткандыгын жарыялады Дал ушул күнү Москва соту абактагы Навальныйды колонияга жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алышы ыктымал.

17:43 31.1.2021

"Дем ала албай жатам"

17:39 31.1.2021

17:30 31.1.2021

Москвада акция маалында Юлия Навальная кармалды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG