Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Парламенттин көпчүлүк коалициясы өкмөт башчынын талапкерлигин карайт


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы 1-февралда Кыргызстандын премьер-министрлик кызматына талапкерди көрсөтүү боюнча маселени карайт. Ушул эле жыйында өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы да талкууланат.

Бул тууралуу башкаруучу коалициянын жетекчиси, депутат Иса Өмүркулов «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты. Чогулуш Жогорку Кеңештин имаратында өтөт. Өмүркулов премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан талапкерлердин аты-жөнүн тактаган жок.

«Азыр консультация жүрүп жатат. Кудай буюрса эми бир чечимге келебиз», - деди Иса Өмүркулов.

Көпчүлүк коалиция премьер-министрдин талапкерлигин, өкмөттүн жаңы курамын жактыргандан кийин ал парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралат. Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Ушул тапта премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда. Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өткөн 10-январдагы президенттик шайлоонун алдында өкмөт башчылык кызматты убактылуу токтоткон. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 21-январда премьер-министрлик кызматты тапшырып, азыр иштеп жаткан өкмөт кызматтан кеткен.

Новиков башында турган аткаруу бийлиги өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин иштеп турат.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары түзөт. «Өнүгүү-Прогресс» менен «Ата Мекен» оппозициялык азчылыкта. (BTo)

XS
SM
MD
LG