Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

20:15 3.2.2021

18:47 3.2.2021

Кыргызстандын жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант берип кызматка киришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык, өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүдөй:

1. Улукбек Марипов, премьер-министр;
2. Артём Новиков, биринчи вице-премьер-министр;
3. Улукбек Карымшаков, экономика жана финансы министри, вице-премьер;
4. Жеңиш Асанкулов, өкмөттүн аппарат жетекчиси;
5. Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри;
6. Таалайбек Өмүралиев, коргоо министри;
7. Аскар Жаныбеков, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
8. Кубанычбек Турдубаев, энергетика жана өнөр жай министри ;
9. Улан Ниязбеков, ички иштер министри;
10. Гүлмира Абдралиева, транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
11. Бообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри;
12. Асел Чынбаева, юстиция министри;
13. Кайрат Иманалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
14. Алмазбек Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри;
15. Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
16. Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

Буга чейин өкмөттүн курамы 48 жетекчиден турган.

Мунун алдында президент Садыр Жапаров мурдагы өкмөттүн бир катар мүчөлөрүн кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Ал 3-февралда жаңы шайланган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант бергенден кийинки сөзүндө өкмөттүн бул жолку курамы Кыргызстандын өнүгүү жолу сынакка түшкөн учур менен коштолуп жатканын билдирди.

«Ачык эле моюнга алуу керек. Бизди оор сыноолор күтүүдө. Мен буга чейин бир нече жолу кайталап айткандай биздин алдыбызда экономиканы турукташтыруунун, коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюунун, башкача айтканда, антикризистик чукул чараларды көрүүнүн кечиктирилгис милдеттери турат».

Президент негизги реформалардын бири - башкарууну оптималдаштырып, мамлекеттик бюрократиялык аппаратты кыскартуу экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 3-февралда премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповду, ал сунуш кылган өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын жактырды. Аларды бекитүү тууралуу токтомдорду депутаттар дээрлик бир добуштан колдошту.

16:55 3.2.2021

Парламент спикери Талант Мамытов жаңы өкмөттүн курамына ийгилик каалады.

16:54 3.2.2021

Парламент Улукбек Марипов башында турган өкмөт курамын бекитти.

Сөз алган Улукбек Марипов депутаттар менен биргеликте иш алып бара турганын белгиледи. Жакшы өкмөт катары тарыхта калгысы келерин айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG