Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн Нуркамал Асканова жетектейт


Нуркамал Асканова.
Нуркамал Асканова.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-февралда билдирди.

Нуркамал Асканова 1960-жылы туулган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда "уюштуруучу-методист" адистиги боюнча билим алган.

1993-жылдан баштап Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын (азыркы КТРК) ар кыл редакцияларында программалардын алып баруучусу, уюштуруучусу, редактору, режиссеру болуп иштеп келген.

2007-жылдан баштап Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) «Кайдасың?» теледолбоорунун уюштуруучусу, алып баруучусу жана редактору, "Маалымат" саясий жана социалдык программаларынын баяндамачысы болуп иштеп турган.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүн буга чейин башкарып келген Нургазы Анаркулов өзүнүн арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Анаркулов ири суммада пара талап кылууга шектелип кармалганын, Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») менен сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын 30-январда кабарлаган.

Анаркулов бул кызматка 2020-жылы 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин бийлик алмашканда дайындалган.

Кылмышка шектүү өзү жана анын жакындары УКМКнын айыптоосуна комментарий бере элек. (NT/RK)

XS
SM
MD
LG