Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу эки вице-мэрге эскертүү берди


Бишкек мэриясынын имараты.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишиндеги кемчиликтер үчүн эки вице-мэрге эскертүү берди.

Мэриянын маалыматына ылайык, Бишкектин жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулуна 1999-жылдан кийин курулган менчик үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча сунуш киргизүү тууралуу тапшырма берилген.

Андан тышкары тиешелүү документтерди сотко өткөрүү, «Бугу-Эне-Багыш» конушун электр энергиясы жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу ишин 26-январга чейин аткаруу тапшырылган.

Ошондой эле шаардын транспорт боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов «Бугу-Эне-Багышка» жаңы каттам линиясын киргизүү планын иштеп чыгышы керек болчу.

Берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу белгиленген тартипте маалымат берилгендиктен эки вице-мэр эскертүү алды. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG